Велосипед уурдоого “адистешкен” шектүү кармалды

  • 5 лет мурун

Бишкек шаарынын Ленин районунун криминалдык милициясы велосипед уурдоого «адистешкен» шектүүнү кармады.

Бул тууралуу Бишкек шаардык ИИБ басма сөз кызматы билдирди.

“Жал” кичи районунда 8-9-апрелде баасы 300 доллар турган «KSDA» велосипеди уурдалган.

Ошол эле күнү “Жалдагы” үйлөрдүн биринен баасы 10 миң сом турган “MTWOLF» велосипеди уурдалган.

Бул кылмыштарга шектелип, 9-апрелде 1996-жылы туулган А.О. кармалган жана Леннн райондук ИИБдин Иликтөө кызматына жеткирилген.

Тергөө иштерин андан ары жүргүзүү учурунда А.О нын дагы 10 велосипед уурдоого тиешеси бар экендиги аныкталды.

Ага Кылмыш-жаза кодексинин 98-беренеси менен айып тагылып, Бишкек шаарынын убактылуу жайына камалды.

Велосипед уурдаткандар жана аталган жарандан жапа чеккендер болсо, 0312 44-44-57, моб.: 0703 93-26-68, 0700 42-53-44 номерине чалып коюуну Бишкек ИИБ өтүнөт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты