Ливия: Куралдуу кагылышуудан жүздөн ашык киши каза болду

  • 5 лет мурун

Ливиянын Триполи шаарындагы куралдуу кагылышуудан 121 адам өлүп, 561 адам жаракат алды.

Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмуна шилтеме берип, Борбор Азия жаңылыктар кызматы кабарлады.

Уюм Триполиге кошумча кызматкерлер менен дары-дармектер жиберилип жатканын маалымдады.

4-апрелде “Ливия улуттук армиясынын” жетекчиси Халиф Хафтар жана аны колдогон күчтөр чабуул уюштуруп, Ливиянын борборун курчап алган.

2011-жылы жарандык согуш башталып, өлкөнүн жетекчиси Муаммар Каддафи өлтүрүлгөндөн кийин Ливиянын бир бөлүгүн парламент жана Хафтардын армиясы, калган аймактарын, анын ичинде Триполини эл аралык коомчулук тааныган өкмөт көзөмөлдөйт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты