​Россия Президенти Путиндин кандай жеке мүлкү бар?

  • 5 лет мурун

Россиянын Президенти Владимир Путиндин 2018-жылдагы кирешеси тууралуу декларациясы РФ Президентинин сайтында 12-апрелде жарыяланды.

Ага ылайык, Путиндин (2018-жылы) мындай мүлкү бар экени маалым болду:

—Владимир Путиндин 77 чарчы метр келген квартирасы, 153,7 чарчы метр келген дагы бир квартирасы;

—18 чарчы метр келген гаражы;

—“ГАЗ 21”, дагы бир “ГАЗ 21” машинасы, “Нива” жана машинага “Скиф” аттуу чиркегичи бар.

Квартиралардын жана машиналардын жылдары көрсөтүлгөн эмес.

2018-жылы Путиндин жылдык кирешеси 8 648 353 рубль болгон.

Ал эми 2017-жылы Путиндин жогорудагыдай эле мүлкү болгон. Бирок жылдык кирешеси 18 728 268 рубль же 2018-жылдагыдан дээрлик 10 млн рублга көп.

2016-жылы жогорудагыдай эле мүлкүнө кошумча 1500 чарчы метр келген жер участогу болгон. (Балким 2017 –жылдагы жылдык киреше ушул жер участогун сатуудан түшкөндүр деп божомолдоого болот).

2016-жылы дээрлик 2018-жылдагыдай эле, жылдык кирешеси 8 858 482 рубль болгон.

2015-жылы 2018-жылдагыдай эле, бирок мүлкүнө кошумча 1500 чарчы метр келген жер участогу болгон. Жылдык кирешеси 8 891 777 сом болгон.

Эгер 2018-жылдагы 8 648 353 рубль кирешесин 12 айга бөлсөк, РФ Президентинин айлыгы 720,7 рубль болот экен.

Путиндин үй-бүлөсүнүн жана жакындарынын кирешеси тууралуу маалымат берилген эмес.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты