Жээнбеков легендарлуу гандболчу Талант Дүйшөбаев менен жолугушту

  • 5 лет мурун

Сооронбай Жээнбеков легендарлуу гандболчу Талант Дүйшөбаевге бүгүн, 12-апрелде, 2017-жылы сыйлаган «Манас» орденин тапшырды.

Мамлекет башчы Дүйшөбаевдин жетишкендиктери кыргыз эли үчүн чоң сыймык экендигин билдирди.

«КМШ курама командасында Олимпиада чемпиону, Россия курама командасында дүйнө чемпиону, Испаниянын курамында 2 жолу Олимпиаданын коло медалынын ээси, гандбол боюнча чемпиондордун лигасында 4 жолу жеңишке жетүү, Европанын Суперкубогун эки жолу жеңүү, Испаниянын 4 жолку чемпиону, Польшанын Кубогунун чемпиону жана башка ийгиликтер көп жылдык мээнеттин жыйынтыгы. Эки жолу дүйнөнүн мыкты гандболчусу, XX кылымдагы планетанын 2-оюнчусу деген сиздин наамдар менен биз өзгөчө сыймыктанабыз», — деди Жээнбеков.

Талант Дүйшебаев кайда гана болбосун ар дайым мекенин ойлоп жүрөрүн билдирди. «Албетте, мен кыргыз катары элимди, жеримди дайым эстеп жүрөм. Мага мындай колдоо күч-кубат жана жеңишке болгон ишеним берип турат”деп айтты.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты