​Абылгазиев: “Энергетикалык сектордун карызы 102 млрд сомго чыкты”

  • 5 лет мурун

Өкмөт башчы кен казынасы менен энергетика чөйрөсүндөгү көйгөйлөргө да токтолду,

Алардын катарына коррупциялык схемалар, көзөмөлдүн жоктугу, кредит жана гранттардын натыйжасыз пайдаланылышы кирерин белгиледи.

«Учурда, энергетикалык сектордун карызы 102 млрд сомго чыкты – бул мамлекеттик бюджеттин дээрлик жарымынан көбүн түзөт. Быйыл биз бул карыздын 4,6 млрд сомун төлөшүбүз керек. Ал эми карыз төлөөнүн чокусу 2025-жылга туура келип, 10,3 млрд сомго чыгат. Ал эми бул өлкөнүн экономикасына эң чоң оорчулукту алып келип, казынабызга чоң жүк түшүрөт», – деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Бүгүн Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев парламенттик көпчүлүк коалиияда өткөн жылдагы Өкмөттүн отчетун берди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты