Ат-Башы каналына беш жашар бала чөгүп кетти
- 5 лет мурун
Чүй облусунун Аламүдүн районунун Константиновка айылындагы Ат-Башы каналына 2014-жылы туулган Б.Б. аттуу бала чөгүп кеткен.
Окуя кечээ, 11-апрелде болуп өткөн.
Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
11 куткаруучу тартылып жатат. «Кеч болгондугуна байланыштуу саат 23:50дө издөө иштери убактылуу токтотулду, натыйжа болгон жок. Бүгүн издөө улантылат», — деп айтылат маалыматта.
Муну бөлүшүү