Жогорку Кеңештеги Өкмөттүн отчету
- 6 лет мурун
Бүгүн, 12-апрелде, Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалициясына Мухаммедкалый Абылгазиев өткөн жылдагы Өкмөттүн отчетун берип жатат.
«Өкмөттү биринчи күндөн колдоп, жемиштүү кызматташканыңар үчүн силерге ыраазылык билдирем, -деп айтты Абылгазиев парламентте.
“Биринчи күндөн тартып биз бардык мамлекеттик органдардын ишинин ачык-айкын болушуна умтулдук. Элдин көйгөйлөрүн ыкчам чечүү үчүн болгон аракеттерди жасадык” деди.
Премьер-министр ошондой эле “Жыл ичинде ар түрдүү рангдагы жоопкерчиликсиз жетекчилерден арылдык” деп, алты министр, ар кандай кызматтагы 13 жетекчи иштен бошотулганын билдирди
Өткөн жылы эл аралык рейтингдерде Кыргызстандын экономикасы 1,9% жогорулаган.
Энергетика тармагына алынган насыялар 102 миллиард сомго жеткендигин да белгиледи.
Жогорку Кеңеш 20-мартта Өкмөттун курамына ишенбөчүлүк көрсөтүү демилгеси көтөрүлгөн.
Мухаммедкалый Абылгазиев 2018-жылдын 20-апрель айынан бери Өкмөттү башкарып келет.
Кечээ, 11-апрелде, Президент Сооронбай Жээнбеков Өкмөттүн аракетин белгилеп, анын отчетун колдоп берүүнү айта кеткен.