​WikiLeaks негиздөөчүсү Жулиан Ассанж кармалды

  • 5 лет мурун

Бүгүн, 11-апрелде, Британия полициясы WikiLeaks сайтынын негиздөөчүсү Жулиан Ассанжды камакка алды.

РИА Новости агенттиги Ассанж Лондондогу Эквадор элчилигинен кармалып кеткенин жазды.

Полиция кызматкерлери Эквадор элчилиги Ассанжга дипломатиялык башпаанек бербей койгондон кийин чакырылган.

Эквадор президенти Ленин Морено Твиттердеги баракчасына минтип жазган:

“Мен Улуу Британиядан Ассанжды кыйноо жана өлүм жазасы күтүп турган өлкөгө жиберилбесин деп кепилдигин алдым. Британия өкмөтү жазуу жүзүндө кепилдик берди” деген.

WikiLeaks сайтынын негиздөөчүсү Эквадордун элчилигин 2012-жылдан бери баш паанектеп жүргөн.

Жулиан Ассанж WikiLeaks те АКШнын Ооганстандагы жана Ирактагы аскер операциялары, Гуантанамо түрмөсүндөгү шарттар тууралуу материалдарды чыгарып келген. Америка бийлиги анын артынан түшкөндө Швецияга качып барган.

Аны сексуалдык жагдайда соттомок болгондо, Англияга качкан. Ал жактан да кармалып, бирок күрөө шартнда коё берилген.

2012-жылдан бери Жулиан Ассанж Лондондогу Эквадор элчилигинде жашап жүргөн.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты