​Армения экс-башчысы Кочарян камакта калды

  • 5 лет мурун

РИА Новости агенттиги билдиргендей, Армениянын экс-президенти Роберт Кочарянды апелляциялык сот 11-апрелде камакта калтырды.

Бул тууралуу журналисттерге прокурор Петрос Петросян билдирди.

Биринчи инстанциядагы сот 18-январда жана 15-мартта экс-президентти камакка калтырууну эки жолу узарткан.

2018-жылын 26-июлунда атайын иликтөө кызматы Кочарянга 2008-жылдын 1-мартындагы демонстрацияны кууп-таратуу боюнча кылмыш ишинин алкагында айып койгон.

Ал эки айга камакка алынган. Андан кийин Кочаряндын жактоочусу арызданып, мурдагы президенттин кол тийбестигине байланыштуу апелляциялык сот биринчи инстанциядагы соттун чечимин жокко чыгарган. Декабрь айында Кочарян кайра камалган.

2008-жылдын 19-февралында армян оппозициясы талапкерлигин койгон биринчи президент Левон Тер-Петросяндын жетекчилиги менен Серж Саргсянга утулуп калган. Анда Ереванда нааразылар митинг уюштуруп, 1-2-мартта ондогон киши каза болуп, 200 дөй адам жаракат алган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты