Жаңы окуу жылында мугалимдердин айлыгы көбөйөт
- 6 лет мурун
“Мектеп мугалимдеринин айлык акысын күзүндө, жаңы окуу жылынан кечиктирбей көбөйтөбүз” деп айтты Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 11-апрелде, Жогорку Кеңеш жыйынындагы сөзүндө.
«Премьер-министрдин да сунуштары бар, Өкмөт азыр эсебин чыгарып жатат.
Буйруса мектептеги агай-эжейлерибиз жаны окуу жылын жаңы айлык маяна менен баштайт.
Министрлик, ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик органдардагы жаш адистердин да айлыгы төмөн.
Алардын да айлыгы этап-этабы менен көбөйөт», -деди мамлекет башчы.
Сүрөт: Интернет булактарынан.
Муну бөлүшүү