Жээнбеков: «Элди көчөгө чыгарып, бийликке кысым жасоо менен маселе чечем дегендер жаңылышат»

  • 5 лет мурун

Бүгүн, 11-апрелде, мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңеш жыйынында баяндама жасап, өлкөдөгү жасалган иштер, алдыдагы милдеттер тууралу кеңири сөз кылды.

Баяндамасынын акырында буларга токтолду:

—Коррупцияга малынгандардын саботажы, айрым саясий күчтөрдүн каршылыгы болууда.

Уюшкан кылмыштуу кландык мафиянын коррупциялык иштери — өлкөгө чоӊ залалын тийгизди, бул коомчулук үчүн белгилүү болуп калды.

Мамлекетти белчесинен карызга батырган уурулукту жашыруу үчүн актанууга өтүштү.

Ар түркүн калпты жарыялап, элдин оюн башкага бурууда.

Баса белгилеп айтып кетейин. Бардыгы мыйзам алдында бирдей. Эч кандай ультиматум тили кабыл алынбайт.

Элди көчөгө чыгарып, бийликке кысым жасоо менен маселе чечем дегендер жаңылышат.

Маселенин бардыгы мыйзам талаасында гана чечилет.

Мамлекет — түшүнүктөр менен эмес, мыйзам менен жашаш керек.

Мамлекеттик органдар тигил же бул топтун кысымынын негизинде эмес, мыйзамдын чегинде иштейт.

Бир күнүмдү да текке кетирбей, элим ишенген, Кудай буйруган президенттик милдетимди мамлекетти оңдоого, баса белгилеп айтам, оңдоого жумшайм. Мындан башка менин милдетим дагы, карызым дагы, жашоомдун маңызы да жок.

Бир ууч топко кызмат кылам, алардын кызыкчылыгын коргойм, уурулугун жашырам деп убада берген эмесмин.

Мен элдик Президент болом деп убада бергем.

Эл арасынан чыктым, эл ичинде таза абийирим, ийгиликтерим менен калууну максат кылам.

Саясат айдыӊындагы акыркы 25 жылдан берки иш-аракетим, кылган эмгегим — таза. Мага жалган жалаа жукпайт.

Апрель окуялары, Июнь коогалаӊдуу күндөрүн өз башымдан өткөрдүм.

Мамлекеттеги тынчтыктын, элдин ынтымагынын баасын, баркын абдан жакшы билем.

Ошондуктан коомдун тынчтыгын бузуп, элди бөлүп-жарам дегендерге өлкө президенти катары жол бербейм.

Мамлекетти өнүктүрүү, элдин жашоосун жакшыртуу, дүйнөлүк аренада татыктуу орунду ээлөө деген максаттарыбызга жетүү үчүн бийлик бутактарынын бир ыргакта иштөөсү зарыл, -деди Президент.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты