Муктар Нургазиев дүйнөдөн кайтты

  • 5 лет мурун

Улуу Ата Мекендик согуштук катышуучусу, партиялык жана советтик көрүнүктүү ишмер Муктар Нургазиев 98 жашында дүйнөдөн кайтты.

Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Муктар Нургазиев 1921-жылы 19-ноябрда Токтогул районунун Коңур-Өгүз айылында дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган.

Улуу Ата Мекендик согушта Калинин, экинчи Прибалтика, Белорусь, Петрозаводск фронтторунда фашизмге каршы согуштагы жеңишке өз салымын кошту. И.В. Панфилов атындагы 27-дивизиянын катарында Москва шаарын коргогон.

2015-жылы Москва шаарынын Кызыл аянтында Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына карата майрамдык парадка Россия Президентинин чакыруусу менен катышкан.

Нургазиев партиялык жооптуу кызматтарды ак ниеттүүлүк менен каркалап келген.



Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты