Жээнбеков Мирослав Лайчак менен жолугушту

  • 5 лет мурун

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9-апрелде, Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык уюмунун төрагасы, Словакиянын тышкы иштер жана Европа иштери боюнча министри Мирослав Лайчак менен жолугушту.

Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы маалымдады.

Жолугушууда Кыргызстан жана ЕККУнун өз ара аракеттенишүүсү, Кыргызстан менен Словакиянын кызматташуу маселелери талкууланды.

Мамлекет башчы словак элин Словакиянын жаңы Президенти Зузана Чапутованын шайланышы менен куттуктады.

Жээнбеков эгемендик алгандан бери Кыргызстан шайлоо процессин жана сөз эркиндигин өнүктүрүүдө ЕККУнун туруктуу колдоосун жана жардамын сезгенин белгиледи.

«2020-жылы демократиялык, таза, ачык парламенттик шайлоону өткөрүүгө чечкиндүү даярбыз”, — деди Сооронбай Жээнбеков.

ЕККУ төрагасы Мирослав Лайчак анын сапары КРдагы ЕККУнун миссиясынын башталышынын 20 жылдыгына шайкеш келгенин белгиледи жана мындай деди:

“Сиздер туура жол тандадыңыздар — парламенттик демократия жолун тандаган өлкөлөр ийгиликтүү болуп саналат”, — деп белгиледи Мирослав Лайчак.

Расмий сүрөт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты