​Өзбекстанда таштанды тазалоо ишканасы селсаяктарды жумушка алды

  • 5 лет мурун

Ташкентте Калдыктарды жүктөө жана жок кылуу ишканасы таштандыларды иретке келтирүү линиясына туруктуу жашаган жери жок 60 кишини жумушка алды.

Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар таштанды жүктөө станциясынын башчысы Рафаэль Бекмулинге шилтеме берүү менен билдиришти.

Долбоорду Eco World компаниясы демилгелеген. “Таштанды иргөө – Ташкент Ички иштер башкы башкармалыгы, Ташкент администрациясы жана Мамлекеттик экология комитетинин колдоосундагы компаниянын жеке долбоору.

Мында киреше табуу эмес, социалдык көйгөйлөрдү чечүү башкы максат болгон. Үй-жайсыз кишилерге паспорт жасап, аларды 500-600 сум (60-70 доллар) өлчөмүндө айлыгы бар иш менен камсыздоодо ” , – деди Бекмулин.

Таштанды иргөө линиясы суткасына 100 тонна акыр-чикирди өткөрө алат. Кытайлык компаниялардын жардамы менен 600 тонна таштандыны иштете алган дагы үч линия орнотулат.

Селсаяктар үчүн атайын павильон орнотулган, ичинде эки кабаттуу керебет, чайынуучу бөлмө, ашкана, медициналык жай бар. Бул жер газ менен жылытылат. Жакын арада кир жуучу машиналар орнотулат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты