​Ашхабадда жеке такси азайды

  • 5 лет мурун

Ашхабадда жеке такси азайып, андагы жол акы жогорулады.

“Азаттыктын” түркмөн кызматы буга чейин жол полициясы жүргүнчү ташыган айдоочуларды текшерип, кармаганын кабарлаган.

Маалыматтарга караганда, эки күндө эле шаар боюнча ондогон машина айып төлөөчү жайларга жеткирилген.

Жеке такси кызматы боюнча рейддер түркмөн президенти ИИМ башчысына сөгүш берген маалга туш келди.

“Мындай иш менен иштөөгө укуктары жок туруп, алар одоно түрдө жол эрежелерин бузууда. Бул жол кырсыктарына алып келүүдө”, – деген Бердымухамедов.

Жеке такси кыскарганына байланыштуу, акысы 30-50% жогорулады.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты