​Президент дүйнө чемпиону Валентина Шевченко жана спорт ишмерлери менен жолугушту

  • 5 лет мурун

Президент Жээнбеков бүгүн, 8-апрелде, UFC версиясынын аралаш күрөшүү боюнча дүйнө чемпиону Валентина Шевченко менен жолугушту.

Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Жолугушууга анын машыктыруучусу Павел Федотов, «Кулатуу Эртаймаш ММА» Дүйнөлүк федерациясынын президенти Руслан Кыдырмышев жана Валентина Шевченконун апасы — Елена Шевченко катышты.

«Алдыга коюлган милдетти аткардыңар, Кыргызстаныбыздын намысын коргодуңар. Келечекте мындан да чоң ийиликтерге жетишип, бүт дүйнөгө спорттогу эң мыкты жетишкендиктерди көрсөтөсүз деген ишенимдебиз!», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков, спортсменге кайрылып.

Валентина Шевченко Президентке жана бардык кыргызстандыктарга колдоосу жана жылуу тосуп алуусу үчүн ыраазычылык билдирип, кайда гана болбосун ар дайым күч-кубат жана жеңишке ишеним арттырып турган мекендештердин колдоосун сезип турганын белгиледи.

Мекенге, өзгөчө Кыргызстандын бермети Ысык-Көлгө болгон сүйүүсү дайым анын жүрөгүндө орун алганын айтты..

Мамлекет башчы Валентина Шевченкону «Даңк» ордени менен сыйлады, Павел Федотовго «Кыргыз Республикасынын дене тарбиясына жана спортуна эмгек сиңирген кызматкер» ардактуу наамы ыйгарылды, Руслан Кыдырмышев жана Елена Шевченко Кыргыз Республикасынын энчилүү сааттары менен сыйланды.

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматыныкы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты