​UFC чемпиону Валентина Шевченко «Даңк» ордени менен сыйланды

  • 5 лет мурун

Валентина Шевченко «Даңк» ордени менен сыйланды. Анын машыктыруучусу Павел Федотовго «Кыргыз Республикасынын дене тарбиясына жана спортуна эмгек сиңирген кызматкер» деген ардактуу наамын ыйгарылды.

Бул тууралуу жарлыкка Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 8-апрелде, кол койду.

Президенттин басма сөз кызматы кабарлагандай, Аралаш күжүрмөн искусствонун (MMA — Mixed Martial Arts) абсолюттук мушкердик чемпионатынын (UFC — Ultimate Fighting Championship) турнирлеринде өзгөчө спорттук жетишкендиги үчүн «Даңк» ордени менен аралаш күжүрмөн искусствонун мушкери, аялдар арасында өтө жеңил салмактагы UFC чемпиону Валентини Шевченко сыйланды.

Ошондой эле дене тарбия жана спортту өнүктүрүүгө кошкон зор салымы, квалификациялуу спортсмендерин даярдагандыгы үчүн «Кыргыз Республикасынын дене тарбиясына жана спортуна эмгек сиңирген кызматкер» деген ардак наам эл аралык класстагы спорт чебери, «Муай Тай» тайбокс федерациясынын башкы машыктыруучусу Павел Федотовко берилди. .

Кыргызстанда туулуп-өскөн Валентина Шевченко 2018-жылдын 9-декабрында таймаштын аралаш түрлөрү боюнча UFC мелдешинде жеңишке жетип, чемпион болгон.

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматыныкы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты