Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы тармактык маркетингге, пластикалык операцияга тыюу салды
- 5 лет мурун
Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын Аалымдар кеңеши 5-апрелде чыгарган чечимдеринде тармактык маркетингге, сулуулук үчүн пластикалык операцияга тыюу салды. Ал эми эмдөө ар бир адамдын ыктыярында калышын жактады.
Муфтияттын сайтына жарыяланган маалыматка ылайык, №5 фатва (чечим) менен шариаттын эрежелерине карама-каршы келгендигинен улам тармактык маркетингге тыюу салынды.
Ал эми №6 фатва менен ден соолукка байланышы жок пластикалык операцияларды жасоого да тыюу салынды.
«Тубаса майыптыкты же ар кандай кырсыктардын кесепетинен болгон дененин же дене мүчөлөрүнүн кемчиликтерин жоюу максатында жасалган пластикалык операцияга шариатта жол берилет. Ал эми эч кандай жүйөлүү себеби жок туруп, сулуулук үчүн гана жасалган пластикалык операцияга шариатта тыюу салынган жана арам деп эсептелет» деп жазылат чечимде.
Аалымдар кеңеши №8 чечим менен муфтият «эмдөө боюнча ар тараптуу пикирлер болгондугу байланыштуу эмдөө ар бир адамдын өз ыктыярында калуусун жактады».