​Белгилүү актриса Жаркын Балыкбаева дүйнө салды

  • 5 лет мурун

Маданият, маалымат жана туризс министрлиги Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Жаркын Балыкбаеванын сыркоолоп каза болгонун кабарлады.

Жаркын Балыкбаева өмүр бою Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрында актриса болуп иштеп келген. Акыркы жылдары театрдын алдындагы окуу жайда артисттик чеберчилик боюнча окутуучу болгон.

Жаркын Балыкбаева Кыргыз Республикасынын эл артисти Эрмек Мойдуновдун жубайы эле. Балыкбаева Сокулук районунун Жыламыш айылынан болот.

Ал «Айыл өкмөтү», «Боз салкын», «Чиркин өмүр», «Апамдын махабаты», «Белгисиз маршрут» тасмаларына тартылып, театр сахнасында да бир топ образдарды жараткан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты