​Абылгазиев: “Мамлекеттик жана муниципалдык объекттердин базар баасын билүүгө тийишпиз»

  • 5 лет мурун

Өкмөттүн 5-апрелдеги жыйынында материалдык жана башка активдерди инвентаризациялоо, идентификациялоо, кайра баалоо жана эсебин алуу маселеси талкууланды.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Ринат Түлөбердиев мамлекеттик органдын карамагында турган негизги 66 фонддун тизмеси жөнүндө эскертти.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев республиканын активдеринин рыноктук баасын аныктоо өтө маанилүү экенин билдирди.

«Биз канча имарат, курулуш, жер, унаа каражаты жана башка мүлк бар экендигин – мамлекеттик менчиктин баасын билбейбиз. Алардын рыноктук баасын аныктоо керек. Болжол менен кеп 900 млрд сом суммасы жөнүндө болуп жатат. Менчикти баалоонун жыйынтыгы боюнча 1 триллион сом жана андан ашуун сан келип чыгат. Эң башкысы мисалы, ири объекттердин реалдуу баасын аныктаган соң, биз аларга карата экономикалык механизмдерди кыйла натыйжалуу колдоно алабыз», – деди Премьер-министр.

Эскерте кетсек, буга чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 19-майындагы № 553-VI «Кыргыз Республикасынын материалдык жана материалдык эмес активдерин инвентаризациялоо, идентификациялоо, кайра баалоо жана эсебин алуу жөнүндө» токтому кабыл алынган.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты