Революцияны карапайым адамдар жасаган

  • 5 лет мурун

Премьер-министр Абылгазиев Апрель революциясында курман болгондордун жакындары жана жабыркагандар менен жолугушту

Жолугушууга «Мекен шейиттери», «Жаркын Элес», «Эр Теги», «Айкөл Ала-Тоо», «Апрель Баатырлары», «Апрель. Элим. Кыргызстан», «Апрель Баатырлар Биримдиги», «Айкөл Таза коом» жана «Баатырларга таазим» коомдук бирикмелеринин өкүлдөрү катышты.

Өкмөт башчы өз сөзүндө 2010-жылдын 7-апрелиндеги окуялардын Кыргызстандын элинин тагдырындагы өзгөчө маанисин белгиледи. Ал баса көрсөткөндөй, Апрель революциясы өлкөнү үй-бүлөлүк-кландык башкаруудан арылтып, демократиялык өнүгүү жолуна түшүүгө шарт түздү.

«Революцияны карапайым адамдар жасашты, алар ак ниеттери менен адилетсиз, үй-бүлөлүк башкарууга каршылык көрсөтүштү. Биз ошол окуяларды ар дайым эсибизде сактоого тийишпиз жана биздин курман болгон жарандарыбыздын элесин унуткара албайбыз. Бул окуялар болбосо, өлкөнүн заманбап тарыхы кандай нукта кетмек экендиги белгисиз», — деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Жээнбековдун жарлыгына ылайык Апрель элдик революциясынын 10 жылдыгына байланыштуу иш-чараларды өткөрүү боюнча уюштуруу комитети түзүлгөн.

Премьер-министр кошумчалагандай, Өкмөт Апрель революциясында жабыркагандарга жана курман болгондордун туугандарына социалдык маселелерди чечүүдө көмөк көрсөтөт.

«Өкмөт сиздер менен сүйлөшүүгө дайым ачык жана ар тараптуу жардам көрсөтүүгө күч-аракеттерин салууну улантат. Биз туруктуулук жана тынчтык өкүм сүрбөгөн өлкөдө өнүгүү мүмкүн эместигин түшүнүүгө тийишпиз», — деди Өкмөт башчы.

Соңунда коомдук бирикме өкүлдөрүнө өкмөттүк сыйлыктар тапшырылды.

Сүрөт: Өкмөттүн маалыматтык камсыздоо кызматыныкы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты