​Демилгелүү жаштар колдоо табышты

  • 5 лет мурун

Кыргызстандын демилгелүү жаштарынын бир тобу бизнес-долбоор сунуштап, каржылык колдоо табышты.

Жаштардын демилгеси АКШнын эл аралык өнүгүү агенттиги (ЮСАИД) тарабынан каржылык колдоого ээ болду.

Бул тууралуу ЮСАИДдин коомчулук менен байланыш бөлүмү билдирди.

Демилгени колдоо программасына Бишкек, Ош, Жалал-Абаддан жүзгө жакын жаштар катышып, арасынан сегиз долбоор жактырылды. Бул спорттук кийим, шейшеп, белек-бечкек, эмерек чыгаруу, кийим тигүү, кичи ательее, нан жабуу, кондитердик азыктарды даярдоо сыяктуу долбоорлор.

Мындан ары дагы 400 дөй жаштар окутулуп, каржылык колдоо долбоорлору менен ат салыша алат.

ЮСАИД тарабынан каржыланган “Демилгелүү жаштар” долбоорунун сабактары Борбор Азия университетиндеги кесиптик жана үзгүлтүксүз билим берүү мектебинде уюштурулду.
Сүрөт: ЮСАИДдин коомчулук менен байланыш бөлүмүнкү.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты