Атамбаев катышкан КСДПнын съезди жабык өтүп жатат

  • 5 лет мурун

Алмазбек Атамбаев баштаган КСДПнын курултайы жабык өтүүдө. Курултайды чагылдырууга барган «Апрель» телеканалынын кабарчыларынан башка журналисттер киргизилген жок.

Курултайдын уюштуруучулары саат 12:30 да жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө басма сөз жыйынын өткөрүү менен гана чектелери белгилүү болду.

Курултайга экс-президент Алмазбек Атамбаев да катышары айтылган.

Буга чейин «Атамбаевсиз КСДП» деп аталган кыймылдын башында турган Сагынбек Абдрахманов 3-апрелде КСДПнын курултайын өткөргөн. Анда чогулгандар Абдрахмановду партиянын жаңы лидери кылып шайлап, анын талапкерлигин бир добуштан колдошкон. Бирок ал курултайга Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын бир да депутаты катышкан эмес.

Атамбаев баштаган партиянын басма сөз өкүлү Кундуз Жолдубаева 3-апрелде өткөн курултайды «фейк» деп атаган.

Сүрөт «Азаттык»

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты