​7-кабаттан кулаган өспүрүм каза болуп калды

  • 5 лет мурун

Бишкекте 4-апрелде 7-кабаттан кулаган өспүрүм каза болуп калды.

Бул тууралуу Бишкек шаардык Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Кечээ болжолдуу саат 21:50 дө Бишкек шаарынын Октябрь райондук ИИБине көп кабаттуу үйдөн өспүрүм кулап түшкөнү тууралуу кабар келген.

Ыкчам топ ал жакка барганда, жерде жаткан 2007-жылы туулган Б.А. аттуу баланын 7-кабаттан кулап түшкөнүн аныктаган.

Өспүрүм эс учун билбей жаткан, аны “Тез жардам” №3 ооруканага алып кеткен. Бала ооруканадан кайтыш болуп калган.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган жана сотко чейинки тергөө иштери жүрүүдө.

Сүрөт: Бишкек шаардык ИИБ басма сөз кызматыныкы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты