Апрель революциясынын он жылдыгын белгилөө жарлыгына кол коюлду
- 5 лет мурун
Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 5-апрелде, элдик Апрель революциясынын 10 жылдыгын 2020-жылы белгилөө жөнүндө Жарлыкка кол койду.
Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирди.
2010-жылдын 7-апрелиндеги кайгылуу окуяларда курман болгондордун эрдигине таазим этип, элесин түбөлүккө калтыруу, ошондой эле кыргыз элинин адилеттик үчүн күрөшүндө тарыхый мааниге ээ болгон элдик Апрель революциясынын юбилейлик 10 жылдыгын 2020-жылы белгилөө максатында токтом кабыл алынды:
Апрель революциясынын он жылдыгын белгилөө боюнча уюштуруу комиссиясы түзүлдү.
Сүрөт: Интернет булактарынан.
Муну бөлүшүү