​Сирияга согушка барып келген террордук уюм мүчөсү кармалды

  • 5 лет мурун

Сирияга согуштук аймакка барып келген, эл аралык террордук уюмдун кыргызстандык мүчөсү кармалды.

Бул тууралуу Улуттук Коопсуздук Комитетинин басма сөз кызматы кабарлады.

1995-жылы туулган Кыргызстандын жараны А.И. чет өлкөдө иштеп жүргөндө жердеши, 1996-жылы туулган Х.Р. менен байланышта болгон.

Х.Р. Улуттук Коопсуздук Комитети тарабынан 2018-жылдын декабрь айында КР Кылмыш-жаза кодексинин 299- беренеси боюнча күчөтүлгөн режимде жалпы тартиптеги жаза өтөө колониясында 2 жыл 6 айга эркинен ажыратылган.

А.И. чет өлкөдө жүргөн мезгилде, Х.Р. эл аралык террористтик уюмунун иш-чарасын каржылоо максатында Түркияга, андан ары Сирия согуштук зонасына кетүүсүнө жардам берген.

Материалдар КР Кылмыш-жаза кодексинин 395-беренеси (Жалдануучулук, башка мамлекеттердин куралдуу жаңжалдарга, же мамлекеттик бийликти кулатууга, же аймактык бүтүндүктү бузууга багытталган зомбулук аракеттерге пайдалануу максатында жалдануучуларды азгырып тартуу, каржылоо, материалдык камсыз кылуу, үйрөтүү, ошондой эле жалдануучуларды согуштук чыр-чатактарда же аракеттерде пайдалануу) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Учурда тергөө жүрүп жатат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты