​“Атамбаевсиз КСДП” Сагынбек Абдрахмановду КСДП жетекчиси деп чечим чыгарды

  • 5 лет мурун

Бүгүн, 3-апрелде, өткөн “Атамбаевсиз КСДП” кыймылы өткөргөн съезд катышуучулары КСДП жетекчиси Сагынбек Абдрахманов деп чечим чыгарышты. Алар партия лидери Алмазбек Атамбаевди лидерликтен бошотконун билдиришти.

“Атамбаевсиз КСДП” кыймылы Юстиция министрлигинен партияны кайра каттоодон өткөрүүнү пландап жатканын Сагынбек Абдрахманов билдирди. Алар жаңы устав, жаңы саясий кеңеш, жаңы лидер шайладык дешти.

Ал эми КСДП партиясынын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева “Атамбаевсиз КСДП” кыймылынын съездин “маскарапоздордун шоусу” деп атады.

Ал эми КСДПнын эски гвардиясы 6-апрелде съезд боло турганын жарыялаган. Алардын лидери болуп Алмазбек Атамбаев саналат.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты