Апрель революциясынын 10 жылдыгын утурлап…

  • 5 лет мурун

Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 2-апрелде, коомдук уюмдардын 2010-жылдагы Элдик Апрель революциясына катышкан өкүлдөрү, жабыр тарткандардын жана курман болгондордун туугандары менен жолугушту.

Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Мамлекет башчы 2010-жылдагы элдик Апрель революциясы элдин эркиндикке умтулуусун жана үй-бүлөлүк башкарууга каршы күрөшүүдөгү майтарылбас эркин, өлкөнүн жаркын келечеги үчүн өмүрүн курмандыкка чалууга даяр экенин көрсөткөн тарыхый окуя экенин белгиледи.

“2020-жылы элдик Апрель революциясынын 10 жылдык мааракесин өткөрүү жөнүндө” тийиштүү Жарлык даярдалууда. Уюштуруу комитети түзүлүп, даярдык иштери башталат», — деп баса белгиледи мамлекет башчы.

Жолугушууга «Мекен Шейиттери», «Эр теги», «Баатырларга таазим», «Жаркын элес», «Апрель баатырлары», «Айкөл Ала-Тоо», «Апрель. Элим. Кыргызстан», «Айкөл Таза Коом», «Апрель Баатырлар Биримдиги», «Апрель байрагы», «Элдик сакчы», «Элдик кайрат», «Мекен үчүн», «Орток шамы» коомдук уюмдарынын, «Патриот» элдик кошундар кыймылынын өкүлдөрү, КР биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов, Президенттин аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары Алмаз Кененбаев катышты.

Расмий сүрөт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты