HRW Путинге каршы пикетке чыккан жубайлардын кылмыш ишин токтотууга чакырды

  • 5 лет мурун

Human Rights Watch (HRW) эл аралык укук коргоо уюму Кыргызстанды Орусиянын президенти Владимир Путинге каршы Бишкекте нааразылык акциясына чыккан Нурлан Карымшаков менен анын жубайы Гүлзана Имаевага каршы козголгон кылмыш ишин жабууга чакырды.

Кеңсеси Нью-Йоркто жайгашкан HRW укук коргоо уюму 29-мартта жарыяланган билдирүүсүндө кайсыл бир адамга, анын ичинде Путин сыяктуу президент же саясий ишмерге карата терс пикир айтуу, ал өлкөнүн калкына карата улут аралык кастыкты козутуу болуп эсептелбей тургандыгы белгиленген.

Активисттер Владимир Путин Кыргызстанга келерден бир күн мурун 27-мартта Бишкектеги орус элчилигинин алдына пикетке чыгышкан. Алар колдоруна «Путин — агрессор, канкор» жана «Ысык-Көлдө Путиндин торпедолоруына жол жок!» деген жазуусу бар плакаттарды кармап турганда милиция кармап кеткен. Аларга «улут аралык кастыкты козутуу» айыбы тагылган.

Андан кийин жубайлар сыртка чыкпоо шарты менен үй камагына чыгарылган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты