​Кыргызстандык ишкер Forbes журналынын рейтингине кирди

  • 5 лет мурун

Forbes журналынын «30 Under 30» деп аталган рейтингине кирген 30 жашка чейинки инсандардын катарына кыргызстандык Дастан Өмүралиев кирди.

Журналдын рейтингине тандалып алынган адам сөзсүз эле ишкер болушу керек эмес, ал келечектүү жана жылдызы жанган инсан болушу керек.

Катарына музыкант, артист, финансист, икшер ж.б. кесиптеги инсандар кириши мүмкүн.

Мына ошол тизмеге Кыргызстандан 29 жаштагы Дастан Өмүралиев кирди. Ал 2013-жылы табигый шире чыгаруу боюнча “Экопродукт Азии” —“Азия эко азыгы” компаниясын негиздеген.

«Кыргызстандыктар негиздеген компания өлкөдөгү шире чыгаруучу ири компания болуп эсептелет. 2022-жылы ал болжолдуу эсеп боюнча жалпы шире өндүрүүчү өнөр жайдын жарым үлүшүн ээлемекчи” деп билдирет Forbes журналы.

Ал эми журналдын тизмесине кирчү талапкерлерди атайын комиссия тандайт. Ал тизмеге Азия-Тынч океан аймактарынан 30 жашка чейинки 299 адам кирген.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты