​37 миңден ашуун электрондук виза берилди

  • 5 лет мурун

Тышкы иштер министрлигинде 29-мартта туроператорлор менен жолугушууда министр Чыңгыз Айдарбеков бүгүнкү күнгө чейин чет элдиктерге 37 миңден ашуун электрондук виза берилгенин билдирди.

“Бүгүнкү күндө Кыргызстанда чет элдиктерге 37 миңден ашуун виза берилди. Анын 28 миңге жакыны туристтик виза” деди министр Айдарбеков.

Жолугушууда “Электрондук виза” системасынын өркүндөтүлүшү тууралуу сөз болду. Анын ичинде нормативдик актыларга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилгендиги тууралуу.

Ошондой эле жакын арада Кыргызстанга 60 күндүк мөөнөткө визасыз кирүү боюнча мыйзам долбоору кабыл алынса, бир катар өлкө жарандарына визасыз режим системасы иштей баштайт.

Туроператорлор “Электрондук виза” системасы боюнча ийгилик, мүчүлүштүктөр тууралуу сөз кылышты.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты