​Инновациялык буу казандын бет ачары

  • 5 лет мурун

28-мартта Интеллектуалдык менчик жана инновациялар (Кыргызпатент) мамлекеттик кызматында “Буу менен жылытуучу жаңы тартиптеги буу казан” долбоорунун бет ачары өттү.

Бул тууралуу Интеллектуалдык менчик жана инновациядар кызматынын басма сөз кызматы кабарлады.

Инновациялык буу казан Жалал-Абад университетинин имаратын жылытууга колдонулган жана мында электр энергиясы үнөмдөлгөн.

Инновациялык долбоордун автору техника илимдеринин доктору, профессор Абдимаматкадыр Аширалиев болуп саналат.

Бул долбоор “буу казандагы жылыткыч” катары иштейт. Ал анча көп эмес көлөмдөгү сууну 100 градуска чейин ысытып, буу чыгарат да, буу камерасын толтурат. Андан жылуулук алмашат.

Сүрөт: Интеллектуалдык менчик жана инновациялар кызматыныкы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты