​Путинге каршы плакат көтөргөндөр үй камагына чыгарылды

  • 5 лет мурун

Биринчи май райондук соту Россия Президенти Владимир Путин Кыргызстанга келген күнү ага каршы пикетке чыккан Нурлан Карымшаков жана жубайы Гүлназ Имаеваны тергөө аяктаганча өлкө аймагынан чыкпоо шарты менен үй камагына чыгарды.

Бишкек шаардык Ички иштер башкармалыгы активисттин үйүнөн 16-калибрдеги чачылган мылтык, 17 600 АКШ доллары, 10 патрон, ок-дары, 300 грамм бытыра табылганын билдирген.

Дагы алардын Мексикага барып келгенин жана дагы визасы бар экенин айткан. Активист Нурлан Карымшаков жана жубайына улуттар, расалар аралык жана диний козутуу беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Укук коргоочу Рита Карасартова мылтык Нурлан Карымшаковдун атасыныкы болгонун, ал айлана-чөйрөнү коргоо тармагында иштегендиктен, курал алып жүрүүгө расмий уруксат кагазы болгонун билдирди. Атасынын көзү өтүп кеткенден кийин мылтыкты эч ким пайдаланган эмес. Нурлан Карымшаков жумушуна байланыштуу чет мамлекеттерге каттап турган. Табылган акча жакында сатылган үйүнүкү экенин да Карасартова кошумчалаган.

Сүрөт: Карымшаковдун фейсбук баракчасынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты