​Бишкек ИИБ активист Карымшаковдун кармалышы тууралуу

  • 5 лет мурун

Бишкек шаардык Ички иштер башкармалыгы кечээ активисттердин кармалышы боюнча түшүндүрмө берди.

Алардын айтымында, 28-мартта болжол менен эртең мененки саат 9 да Бишкекте Манас проспектисинде жайгашкан Россиянын элчилигинин алдына Нурлан Карымшаков аттуу жаран жана анын жубайы Гүлназ Имаева плакат көтөрүп чыгышкан. Алардын плакатында “Путин, агрессор, убийца, баскынчы”, “Путиндин Ысык-Көлдөгү торпедолоруна, бомбаларына жол жок!” деген жазуулар болгон.

Бул факт Биринчи май районунун Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган, сотко чейинки өндүрүшкө алынып, Кылмыш-жаза кодексинин 313-беренеси боюнча айып коюлган.

Алардын жазууларына лингвистикалык экспертиза дайындалган. Анын натыйжасында улуттар, расалар аралык жана диний козутууга чакырык белгилери бар деп табылган.

Соттун санкциясы боюнча Карымшаковдун үйү тинтилген. Анда 16-калибрдеги чачылган мылтык (ага уруксаты болгон эмес), 17 600 АКШ доллары, 10 патрон, ок-дары, 300 грамм бытыра табылган.

Ошондой эле Нурлан Карымшаков менен Гүлназ Имаева 21-марттан 25-мартка чейин Мексикага барып келишкен. Алардын визасы 2019-жылдын 30-июлуна чейин жарактуу.

Карымшаков менен Имаева Бишкек шаарынын Убактылуу кармоочу жайына камалган.

Бул тууралуу Бишкек шаардык ИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.

Айта кетсек, кечээ, 28-мартта, Россиянын Президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга сапары болгон күнү Россиянын элчилигинин алдында Путинге каршы плакат көтөрүп чыккан активист Нурлан Карымшаков жана анын жубайын милиция кармап кеткендиги кабарланган. Активисттерге дароо жактоочу берилбегенин, мыйзам бузуу белгилери болгонун укук коргоочулар айтып чыгышкан.

Сүрөттөр: Бишкек ИИБдики.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты