​Европарламент желим идишке тыюу салган мыйзам долбоорун жактырды

  • 5 лет мурун

Европарламент 2021-жылдан тарта ЕБ аймагында бир жолу колдонула турган желим идиш-аяктарды өндүрүүгө жана сатууга тыюу салган мыйзам долбоорун жактырды.

Мыйзам долбооруна 560 депутат добуш берип, 35и каршы болду. 28 депутат бейтарап позициясын билдирди.

Документке ылайык, 2029-жылга карата ЕБ өлкөлөрүндө кайрадан иштетүү үчүн чогултулган желим бөтөлкөлөрдүн көлөмүн 90 пайыздык көрсөткүчкө жетиши керек.

Мындан тышкары документ балык уулоо үчүн деңизге жайылган тордун жоголгонуна балыкчыларды эмес, аны өндүргөн компанияларды акча төлөөгө милдеттендирет.

Еврокомиссиянын маалыматына караганда, Дүйнөлүк океандагы жалпы таштандынын 85 пайызын желим буюмдар түзөт. Алардын жарымына жакыны бир жолу колдонууга арналган идиш-аяктар.

Дүйнөдө желим идиштерге алгачкылардан болуп Франция 2016-жылы тыюу салган. Былтыр жазында Еврокомиссия желим тарелкалар менен вилкаларга тыюу салууну сунуштаган.

Буга чейин желим идиштерди колдонуудан АКШнын айрым шаарлары, ошондой эле Starbucks сыяктуу бир топ компаниялар баш тартышкан.

Экологдордун маалыматына караганда, 2012-жылы Дүйнөлүк океанда желим таштандылардын көлөмү болжол менен 165 тоннаны түзгөн. Желимден жасалган буюмдардын бөлүктөрүнөн турган таштандынын жалпы саны беш триллиондон ашат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты