​Абылгазиев «Газпром» жетекчиси Миллер менен жолугушту

  • 5 лет мурун

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Газпром» ачык акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы Алексей Миллер менен жолугушту.

Бул тууралуу Өкмөттүн маалыматтык камсыздоо кызматы билдирди.

Тараптар биргелешкен кызматташуунун актуалдуу темаларын, ошондой эле Кыргызстандын газ тармагын мындан ары карай өнүктүрүү, газ менен камсыздоо объекттерин модернизациялоо жана аймактарды газдаштыруу боюнча компаниянын пландарын талкуулашты.

Россиянын президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга сапарынын алкагында бир катар келишимдерге, анын ичинде «Газпром» ААК менен келечектүү кызматташуу боюнча келишимге кол коюлушу күтүлүүдө.

Премьер-министр баса көрсөткөндөй, компания өлкө үчүн ири инвестор катары гана эмес, анын көптөгөн социалдык маселелерин дагы чечүүдө. Мухаммедкалый Абылгазиев кошумчалагандай, кыргыз тарап биргелешкен кызматташуунун алкагында жаңы долбоорлорду талкуулоого жана ишке ашырууга даяр.

«Газпром» башкармалыгынын төрагасы Алексей Миллер компания өлкөнүн ички рыногуна кирүүдө беш жылдын ичинде 20 млрд рубль инвестиция салууга милдеттенген. Анын айтымында, бүгүнкү күнү «Газпром» инвестицияларынын жалпы суммасы 26,5 млрд рублди түзөт.

Ошондой эле Алексей Миллер «Газпром балдарга» социалдык долбоорунун ийгиликтүү ишке ашырганын белгиледи, анын алкагында Кыргызстандын аймактарында тогуз заманбап дене тарбия-ден соолукту чыңдоочу комплекстер курулган.

Тараптар өлкөнүн газ бөлүштүрүү чөйрөсүнө инвестиция салуу боюнча компаниянын мындан аркы пландарын кеңири талкуулашты жана келечектүү жемиштүү кызматташууга өз ара даярдыктарын билдиришти.

Сүрөт: Өкмөттүн маалыматтык камсыздоо кызматыныкы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты