​Карыбековдун жаза мөөнөтү үч жылга кыскартылды

  • 5 лет мурун

Жогорку сот энергетика боюнча эксперт Эрнест Карыбековдун жаза мөөнөтүн кыскартуу чечимин кабыл алды.

Бул тууралуу Саясий туткундарды коргоо комитети кабарлады.

Анын жактоочулары жаңы Кылмыш-жаза кодексинин киргизилишине байланыштуу, жаза мөөнөтүн кыскартуу өтүнүчү менен сотко кайрылган.

Эрнест Карыбеков бийликти күч менен басып алууга аракет жасоо беренеси менен 14 жылга эркинен ажыратылган.

Жогорку Сот анын үч жылын кыскартуу чечимин кабыл алды. Натыйжада жаза мөөнөтү он бир жыл болду.

Карыбеков менен кошо Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров да эркинен ажыратылып, алар калган жаза мөөнөтүн шарттуу өтөөгө бошотулган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты