КР Тышкы иштер министрлиги АКШнын Адам укуктары боюнча баяндамасына макул эмес

  • 5 лет мурун

КР Тышкы иштер министрлигиндеги АКШнын Кыргызстандагы элчиси Дональд Лу менен 26-марттагы жолугушууда Адам укуктары боюнча баяндамада айрым мурдагы жогорку даражалуу атка минерлерди саясий негизде кармалган деп аныктама берүүгө жол берилбестиги өзгөчө баса белгиленди.

Жолугушууда АКШнын мамлекеттик департаментинин дүйнөдөгү адам укуктары боюнча жакында жасалган баяндамасы талкууланды.

Баяндамада Кыргызстанда мурунку жылдарга салыштырмалуу 2018-жылы олуттуу өзгөрүүлөр болгондугун америкалык тараптын белгилөөсү тууралуу айтылды.

Ошону менен бирге баяндамада көрсөтүлгөн көп учурлар ар кандай өкмөттүк эмес жана коомдук уюмдардын маалыматтары экендигине кыргыз тарабы көңүл бурду.

Айрым мурдагы жогорку даражалуу атка минерлерге карата саясий негизде камоо деп аныктама берүүгө жол берилбестиги өзгөчө баса белгиленди. Анткени коррупция боюнча аларга каршы конкреттүү айып коюлган жана сот процесси али бүтө элек.

Бул факт коомчулук тарабынан соттук процесске таасир көрсөтүү аракети, б.а ички иштерге кийлигишүү катары кабыл алынды.

Америкалык дипломат АКШнын Мамлекеттик департаменти өзүнүн баяндамасын даярдоодо ар кандай Өкмөттүк эмес уюмдардын маалыматтарын жетекчиликке аларын жана бул республикада болуп жаткан иштердин чыныгы абалын дайыма эле чагылдыра бербесин белгиледи.

Кыргызстан тарап министрликтер жана ведомстволор тарабынан берилүүчү объективдүү жетишкендиктерди жана фактыларды эске алуу менен, жарыялана турган маалыматты кайталап текшерүүнү көптөн-көп өтүнөрүн билдирди.

Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Айта кетсек, март айынын башында АКШнын Мамлекеттик департаменти адам укуктары боюнча жылдык баяндамасын жарыялаган.

Адам укуктары боюнча баяндамада «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев кармалганда жана сот процессинде укуктары бузулганы көрсөтүлгөн. Садыр Жапаровдун иши, ошондой эле 2018-жылы ЖЭБди модернизациялоодогу коррупция боюнча мурдагы өкмөт башчылар Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев ж.б. аткаминерлердин иши да «саясий негизде» деп таанылганы жазылган.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты