Виктор Садовничий: “Бишкекте МГУ филиалы ачылбаганына Москванын күнөөсү жок”
- 5 лет мурун
Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университинин ректору Виктор Садовничий Кыргызстан-Россия ректорлорунун биринчи форумунда мындай деди:
“Мен алты жолу МГУ филиалынын ачууга уруксат бердим, бир жолу ар тургай Бишкекке барууга билет да алып алгам. Бирок натыйжа болгон жок. Бул Москванын күнөөсү эмес”.
Андан ары Садовничий : “Сиздер бул маселени талкуулап көрүңүздөр, а биз баарын жасоого аракет жасайбыз. Мен жетинчи жолу уруксат берейин” деп билдирди.
Бүгүн Бишкекте Кыргызстан менен Россия жогорку окуу жайларынын ректорлорунун биринчи форуму өтүп жатат
Муну бөлүшүү