​“КСДПнын 6-апрелдеги съездин үзгүлтүккө учуратуу аракети көрүлүүдө”

  • 5 лет мурун

““КСДПнын съездин үзгүлтүккө учуратуу аракети көрүлүүдө”, -деп билдирди КСДП партиясынын катчылыгынын жетекчиси Т. Усубалиев.

“Бүгүн айрым бүлдүргүчтөр тарабынан КСДПнын 6-апрелде өтө турган кезектеги съездин үзгүлтүккө учуратуу аракеттери көрүлүүдө. Бул максатта алар өздөрүнүн «съездин» үч күн мурда чакырууну көздөп жатышат. Бирок мыйзамдуу өтөт деп жатышкан съездге делегаттар жергиликтүү партиялык уюмдардан шайлоо керек экени алардын акылына түштөн кийин киргендей. Ансыз өздөрүнүн чогулушуна булар эч кандай мыйзамдуу макам да, түр да бере албайт.

Ошондуктан алар учурда Көлбаев деген адамдын атынан партиянын жергиликтүү уюмдарына жогорудагыдай конференцияны тезинен өткөрүү сунушу айтылган каттарды жиберишүүдө.

Көлбаев аттуу адамды биз партиянын борбордук аппаратынан эч качан көргөн эмеспиз. Муну менен алар партиячылардын башын айландырышууда. Буга байланыштуу дагы бир жолду төмөнкүлөрдү баса белгилейм: КСДПнын бирден бир мыйзамдуу 18-съезди 6-апрель күнү өтөт.

Партиялаш жолдошторду чагымдарга алдырбоону жана КСДПнын съездинде мыйзамдуу шайланган Саясый кеңешинин чечимдерин аткарууну өтүнөм” деди ал.

Эске сала кетсек, КСДП партиясынын съезди 6-апрелде өтөт.

Ал эми КСДП парламенттик фракциясынын жетекчиси Иса Өмүркулов КСДПнын кезектеги съезди 3-апрелде болорун билдирген. Ошол эле кезде Сагынбек Абдрахманов жетектеген «Атамбаевсиз КСДП» кыймылы да 3-апрелде съезд чакырууну көздөп жатат.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты