Футбол:Кыргызстан Сириядан утулуп калды

  • 5 лет мурун

Кыргызстандын футбол боюнча олимпиадалык курама командасы (23 жашка чейинкилер) Азия чемпионатынын тандоо турунда Сирия командасына утулуп калды. Бул тууралуу Кыргызстандын футбол федерациясынан кабарлашты.

22-мартта Кувейтте «Е» группасындагы алгачкы беттештер башталган. Анда Кыргызстан Сирияга 2:0 эсебинде утулуп калды. «Е» тобундагы Иордания жана Кувейт курама командалары дагы ойнойт. Кыргызстан 24-мартта Иордания менен таймашат.

Азия чемпионатынын финалдык оюндары 2020-жылы январь айында Таиландда өтөт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты