​21-март—Улустун улуу күнү!

  • 5 лет мурун

Бүгүн—Нооруз майрамы, Улустун улуу күнү. Жаңы күн, жаңы жылдын башы.

Күн менен түндүн жазгы теңелүү күнү.

Бул күндү кыргыздар байыртан белгилеп, жаңы күндү тосуп алуу жөрөлгөсүн жасашкан.

“Алас, алас,

Ар балээден калас,

Эски жыл кетти,
Жаңы жыл келди.
Алас, алас,
Айдан аман,
Жылдан эсен,
Жакшылыкты теңир берди,
Жарык күндү кеңири берди.
Орообуз данга толсун,
Оозубуз нанга толсун!
Алас, алас” деп аластап, жакшы ниетт менен жакшылык тилеген.

Жаратылыш ойгонуп, жер жарылып чөп чыгар, желин айрылып сүт чыгар мезгилибиз кут келсин!

Нооруз майрамыңыздар менен!

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты