Астана шаары Нурсултан деп өзгөртүлдү
- 5 лет мурун
Астана шаарын Нурсултан деп өзгөртүү боюнча Казакстан парламенти чечим кабыл алды.
Казакстандын жаңы дайындалган президенти Касым-Жомарт Токаев Астана шаарын туңгуч президент Назарбаевдин урматына «Нурсултан» деп атоого сунуш киргизген.
Аны өлкөнүн президенттик аппараты жана парламенттин палаталарынын депуаттары ( сенаттын 43 депутаты жана мажилистин 102 депутаты) колдоп чыкты.
Ага ылайык, Казакстандын Конституциясына өзгөртүү киргизилип, борбор шаардын аты Нурсултан деп аталмакчы.
Муну бөлүшүү