«Күн балдарынын» сүрөт көргөзмөсү

  • 5 лет мурун

19-март—Даун синдромдуу адамдардын эл аралык күнү. Буга карага Түркия элчилиги «Күн балдарынын» сүрөт көргөзмөсүн уюштурат.

Даун синдромдуу адамдардын эл аралык күнүнө карата Түркиянын Кыргызстандагы элчисинин жубайы Василики Фыраттын демилгеси
жана түркиялык сүрөтчү Фатих Савруктун эмгеги менен “Сантерра” коомдук фонду тарабынан уюштурулган “46+1 хромосому – Барбыз жана сыймыктанабыз” аттуу сүрөт көргөзмөсүнүн ачылышы болот.
Сүрөт көргөзмөсүнө Даун синдромдуу 8 бала тарабынан тартылган сүрөттөр коюлат.
Көргөзмө бүгүн, 19-мартта, саат 16:00 дө Алыкул Осмонов атындагы улуттук китепкананын 3-кабатында ачылат. Ал бир жумага созулат.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан алынды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты