​“Супер инфо” гезитин бейкүнөө күнөөлөп жатышабы?

  • 5 лет мурун

“Супер инфо” гезитинин редактору Шаиста Шатманова Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматына бүгүн суракка чакырылган.

Аталган кызматтын алдына гезиттин жактоочулары митингге чыгышты. Митингге чыккандардын арасындагы жарандык активист Адил Турдукулов бул басма сөз эркиндигине кысым деп эсептейт.

Гезиттин ээси Кылычбек Султан бул көрүнүштү гезитти тартып алууга аракет катары санады.

Басылманын редакторунун сурак берип жатышы Кылычбек Султандын айтымында анын Тышкы иштер министрлигиндеги коррупцияны ачыктаганы менен байланыштуу.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы президенттик аппараттын буйрутмасын аткарып, ойлоп табылган күнөөнү коюуда.

Ал эми Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы гезит редакциясынын текшерүугө алынышы салык маселесине байланыштуу деп айтты. Гезитте көрсөтүлгөн нуска менен “ЖМК колдоо борбору” басмаканасынан чыккан нускасы дал келбей жаткандыгы менен түшүндүрүшөт.
“Супер инфо” гезит редакциясына 20-мартка чейин документтерди даярдап келүү тапшырмасы берилген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты