​Токмокто депутатты өлтүрүп кетишти

  • 5 лет мурун

Токмокто жергиликтүү кеңештин депутатын өлтүрүп кетишти.

Бул тууралуу Чүй облустук ИИБ басма сөз кызматы билдирди.

Кечээ, 17-мартта, болжолдуу сат 3:05 те Токмок шаардык ИИБге 20-25 жаштардагы кишинин сөөгү жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Ал 29 жаштагы Чүй райондук Кеңешинин депутаты С.Т экени аныкталган.

Ошол эле учурда ооруканага 30 жаштагы Ш.Т. бычак урулган жаракаты менен түшкөн.

Кылмыш ишине шектүү катары 24 жаштагы С. Д. кармалган.

Алдын-ала маалыматтарга караганда Токмок шаарында жаштар арасында мушташ чыгып, алардын бири каза болуп, экинчиси ооруканага түшкөн.

Бул тууралуу Токмок шаардык ИИБ маалымдады.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты