​Өрт Бишкекте эмес, Новопавловка айылында болгон

  • 5 лет мурун

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бүгүн өрт Бишкек шаарынын Ленин районунун Архангельск көчөсүндө эмес, Бишкекке канатташ Новопавловка айылынын Фрунзе көчөсүндө болгондугун тактады.

Ал жер Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу.

Өрт кырсыгы саат 13:18 де чектөөгө алынган.

Анын кесепетинен турак жай бөлүгү, эки турак жайдын чатыры, оор жүк ташуучу унаа жана контейнер толугу менен күйгөн.

Өрттү өчүрүүгө Бишкек шаарынын Ленин районунун жана Сокулук районунун ӨКМ ыкчам топтору иштеди.

Бул тууралуу ӨКМ басма сөз борбору билдирди.

Сүрөт: ӨКМ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты