​Бишкекте турак үйдөн өрт чыкты

  • 5 лет мурун

15-мартта Бишкек шаарынын Ленин районунун Архангельск көчөсүндө турак үйдөн өрт чыкты.

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Архангельск көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат ӨКМге саат 12:06 түшкөн.

Өрттүн кесепетинен турак жай бөлүгү, эки турак жайдын чатыры, бир оор жүк ташуучу унаа толугу менен, контейнер толугу менен күйгөн.

Өрт саат 13:18 чектөөгө алынып, толугу менен өчүрүү иштери уланууда.

Каза болгондор жана жабыр тарткандар жок.

Иликтенгенден кийин өрттүн чоо-жайы белгилүү болот.

Сүрөт: ӨКМ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты