​Саясий партияларга арналган семинар өтүп жатат

  • 5 лет мурун

15-мартта Бишкекте “Саясий партиялар: ишин укуктук камсыздоонун жана өнүгүү практикасынын эл аралык тажрыйбасы” деген темада семинар өтүүдө.

Ал Кыргыз Республикасынын шайлоо жөнүндө мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча жумушчу топтун демилгеси менен ЕККУнун Программалык офисинин, БУУнун Өнүктүрүү программасынын колдоосу алдында уюштурулду.

Туруктуу өнүгүү боюнча Кыргыз Республикасынын шайлоо жөнүндө мыйзамдарын өркүндөтүү Стратегиясында саясий партиялар жөнүндө КР мыйзамын жаңы редакцияда иштеп чыгуу жана кабыл алуу боюнча чаралар каралган.

Бүгүнкү иш-чаранын максаты – чет өлкөлөрдөгү партиялык мыйзамдар жана партиялык практиканын тажрыйбасы менен тааныштыруу, саясий партиялардын ишин укуктук камсыздоо боюнча пикир алмашуу, анын ичинде партиялык түзүм жана курулуш, шайлоого байланыштуу партиялык чечимдерди кабыл алуу тартиби, партияларды каржылоонун, үгүт жүргүзүүнүн айкындуулугу ж.б. маселелер бар.

Саясий партиялардын ишмердиги боюнча эл аралык практика тууралуу маалымат берүү үчүн семинарга ЕККУнун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросунун эксперттери Марчин Валецки, Гиа Нодиа жана Александр Кынев чакырылган.

Семинарга Президенттик аппараттын аппарат жетекчиси, шайлоо жөнүндө мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча жумушчу топтун жетекчиси Д. Эсеналиев, Жумушчу топтун мүчөлөрү, саясий партиялардын, жарандык коомдун өкүлдөрү жана көз карандысыз эксперттер катышууда.

Бул тууралуу Борбордук Шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Айта кетсек, Кыргызстанда 1999-жылы кабыл алынган “Саясий партиялар жөнүндө” мыйзам колдонулууда.

2003-жылдан тартып, мезгил-мезгили менен “Саясий партиялар жөнүндө” мыйзамды өркүндөтүү демилгеленип келүүдө.

Ар түрдүү себептерге байланыштуу ал демилгелер кабыл алынбай, “Саясий партиялар жөнүндө” мыйзам боюнча иштер улантылууда.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты