Парламенттен беш өкүл Баткенге жөнөдү

  • 5 лет мурун

Бүгүн, 15-мартта депутаттар Төрөбай Зулпукаров, Таабалды Тиллаев, Карамат Орозова, Курманкул Зулушев жана Айнуру Алтыбаева кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесиндеги абал жана түзүлгөн кырдаалды жөнгө салуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар менен жеринен кабар алуу үчүн Баткен облусуна жөнөп кетти.

Эскерте кетсек, кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде болгон жаңжал 14-март күнү Жогорку Кеңештин жыйынында тиешелүү мекеме жетекчилери менен бирге жабык эшик артында талкууланган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты